"Айыл Банк" 2019-жылдын жыйынтыктары жана келечек пландары менен бөлүштү
2020-жылдын 6-февралында “Айыл Банк” АКК Банк Башкармасынын төрагасы Бактыбек Шамкеев жана банктын топ-менеджменти катышкан пресс-кофе өткөрдү.
Бул жолугушууда банктын топ-менеджменти 2019-жылда Банктын региондорду өнүктүрүүгө кошкон салымы, кардарларга сунушталып жаткан продукттар ассортименти, 2020-жылга иш планы тууралуу журналисттерге кеңири маалымат берди.
«Айыл Банк» ачык акционердик коому Кыргыз Республикасында агро секторун өнүктүрүү программаларын ишке ашырган ири финансылык институттун бири.
Өткөн 23 жыл ичинде Банк өлкөнүн айыл калкынын олуттуу бөлүгүнө кредиттерден пайдалануу мүмүкүнчүлүк түзүп, алардын жашоо шартын жакшыртууда олуттуу ийгиликтерге жетишкен.
Бүгүнкү күндө Банк Кыргызстандын алдыңкы универсалдуу банкы болуп саналат.
Банк өлкө аймагында ишке ашырылып жаткан лизингдик операцияларда лидер болуп саналат.
Мындан тышкары “Айыл Банк” ААКсы 2019-жыл жыйынтыгында Элкарт Мобайл операцияларынын саны боюнча “Мыкты Банк” катары да сыйлыкка татыктуу болгон.