Паспорт столуна барып, базага кирүү үчүн 200 сом төлөдүм. Бул мыйзамдуубу?
2020.02.21, 10:46
1819
Саламатсызбы. Жакында жарандык паспортко документ тапшырайын деп райондук паспорт столго барсам базада жок экенсиз, катталыңыз дешти. Документтеримди даярдап алып, каттоого турайын деп барсам, атаңыз да каттоодо жок экен дешти. Атам экөөбүздү базага киргизгени үчүн 200 сом алды. Ушул туурабы? Базага кирүү үчүн акы төлөнөбү? Алдын ала рахмат.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
21.02.2020, 10:48
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик аттоо кызматынын Уюштуруу-коммуникация иштери бөлүмүнүн жетектөөчу адиси
Саламатчылык. Жок, базага киргизүү үчүн акы төлөнбөйт! Сизден 200 сом алганы мыйзамсыз.
Мындай фактылар боюнча укук коргоо органдарына кайрылып же Мамлекеттик каттоо кызматынын ишеним телефонуна чалып айтсаныз болот.
Ишеним телефондун номери: 0312 62 41 40
0
Пайдалуу жооп