Биз сатып алган жерди дагы бирөөгө сатыптыр. Эмне кылышыбыз керек?
2020.02.20, 14:06
1072
Жайында айылдаш бир келинден жер тилкесин сатып алганбыз. Жарым акчасын берип, жарым акчасын кызыл китепти жасатып бүткөндөн кийин беребиз деп убадалашып алдык.
Бирок, ал кызыл китеби даяр болгондо, жерди башка бирөөгө, кымбатыраак сатып жибериптир. Биз берген акчаны кайтарып бер десек, акчам жок, же андан башка шылтоолорду айтып, бербей жүрөт.
Акчаны алгандыгы тууралуу нотаруис аркылуу бекитилген тил каты бар.
Биз ошондо эмне кылышыбыз керек? Милицияга арыз жазабызбы же сотко беребизби? Мурда-кийин мындай ишке туш болбогон соң билбей жатабыз.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.