// //

Кызымдын тиши кеч чыгып жатат. Ден соолугуна коркунучтуу эмеспи?

2020.02.19, 13:20
1349

Саламатсызбы. Кызымдын тиши кеч чыгып жатат. Азыр 1 жаш 1 ай болуп калды. Педиатрга алып барып, анализ тапшырганбыз. Жыйынтыгы жакшы чыкты. Доктур витаминдерди жазып берген. Тишинин кеч чыкканы ден соолугуна терс таасирин тийгизбейби?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
19.02.2020, 13:20

Эдиль Садыков

педиатр

Саламатчылык!

Кызыңыздын тишинин кеч чыгышы сиздин кош бойлуулугуңузга байланыштуу болушу мүмкүн. Мисалы, боюңузда бар кезде богок бези (зоб) болгон, бирок сиз доктур жазган йодомаринди жакшы ичкен эмессиз. Же болбосо тукум кууйт. Апаңыздан, бир туугандарыңыздан сиздин жана баланын атасынын тиши качан чыкты эле, деп сурап көрүңүз.

Балдарды ден соолугу жана өнүгүү темптери ар кандай болот. Кээ бир балдардын конституциясына жараша тиши кеч чыгышы мүмкүн. Кийинчерээк тиштери биринин аркасынан бири чыга берет. Бул оору эмес, ошондуктан ден соолугуна эч кандай залал тийгизбейт.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт