// //

Эки баламды атасынан кантип алсам болот? Адвокат жооп берет

2020.02.18, 12:54
1289

Саламатсызбы. Биринчи турмушуман эки балам бар. Ажырашып кетип экөө тең атасы менен калышкан. Биз ЗАГСка турган эмеспиз, балдардын да документтери жок.

Мен экинчи ирет турмушка чыктым. Балдарды өзүмө ала аламбы? Күбөлүктөрүн кеч алганым үчүн канча сом айып пул төлөнөт?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
18.02.2020, 12:54

Эркингүл Шаршенбекова

Адвокат

Саламатчылык. Эки балаңызды тең төрөгөндө төрөт үйүнөн күбөлүк алуу үчүн атайын “справка” берилет. Ошол кагаз менен ЖАК бөлүмүнө кайрылып, туулгандыгы тууралуу күбөлүк алсаңыз болот. Атасы деген графаны бош калтырсаңыз, балдарды өзүңүзго алып калуу оңой болот.

Бакай Алишеров

КР Мамлекеттик каттоо кызматынын Уюштуруу-коммуникация иштери бөлүмүнүн жетектөөчү адиси

Ооба, туулгандыгы тууралуу күбөлүктү бир айдан ашык убакыттын ичинде албасаңыз айып пул салынат. Штрафтын өлчөмү 1000 сом. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт