Атам каза болгондо апамды кууп чыккан кайын-журту менен кантип соттошсок болот?
2020.02.17, 11:59
1171
Саламатсызбы! Атам каза болгондон кийин апамдын кайын-журту малдарын, жерин бербей төрт кызы менен көчөгө чыгарып коюшкан. Апам жалдаган адвокат атамдын байкесинин досу экен, соттон жардам бербей койгон. Атымдын мүлкүн алуу үчүн кайсы жакка кайрылсак болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
17.02.2020, 12:01
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Сизге толук жооп берүү үчүн тактай турган жагдайлар көп экен. Ошондуктан так жооп берүү кыйын болууда. Негизи мыйзам боюнча перзент атасынын биринчи кезектеги мураскору болуп эсептелинет. Сиз юридикалык жардам алуу үчүн Юстиция министрлигинин бөлүмдөрүнө кайрылсаңыз болот. Бул шилтемеден даректерин таба аласыз: http://ukuk-jardam.gov.kg/ru/coordinator/list
0
Пайдалуу жооп