Уулумдун табарсык жагы шишип калды, бул эмне болушу мүмкүн? Хирург жооп берет
2020.02.13, 14:02
1584
Саламатсызбы. Силерден кеңеш сурайын дегем. Уулум 1 жашта. Баланын грыжасы бар, эт эмес, суу дегенинен 6 айында операция жасатканбыз.
Жакшы болуп калган. Бирок, жакында кайра эле табарсык жагы шишип, уктап жатканда тарап калгансыйт. Оорусу кайра кайталанбашы үчүн эмне кылышыбыз керек?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.02.2020, 14:03
Азиз Элгондиев
Бишкек шаарынын медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын хирургу
Саламатчылык. Жазгандарыңызга таяна турган болсом, менде эки вариант бар:
- Бул рецидив болушу мүмкүн. Башкача айтканда оорунун кайра кайтып келиши.
- Же “водянка” оорусу болушу мүмкүн.
Баланын өзүн көрүшүм керек болуп жатат. Аны УЗИге тарттырып, толук анализдерин тапшыргандан кийин так жообун бере алам.
Андан ары эмне кылыш керек экенин бирге чечебиз. Редакцияга байланышып, номеримди алсаңыз болот.
Уулуңуздун ден соолугу бек болсун!
0
Пайдалуу жооп