ЗАГСыбыз бар, бирок күйөөм келишимге “никеси жок” деп жаздырды
2020.02.13, 10:57
903
Саламатсызбы. Күйөөм экөөбүз ипотекага үй алдык, ЗАГСыбыз бар. Бирок күйөөм, паспортунда “никеси жок” деп жазылган, келишим документине да “не имею официального брака” деп жаздырды.
Ошондо, кокус бир нерсе боло турган болсо, үй экөөбүзгө тең бөлүнөбү же менин ага укугум жок болуп калабы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.02.2020, 10:58
Эркингүл Шарпшенбекова
Адвокат
Саламатчылык. Үй бөлүнөт. Бирок, арыздын негизинде үйдүн насыя келишими же сатуу сатып алуу келишими сиздин уруксатыңыз жок эле өткөрүлүшү ыктымал.
Ошондуктан, кокус ажыраша турган болуп калсаңар, үй экөөнөргө тең бөлүнүшү үчүн нике күбөлүктүн көчүрмөсүн жана сиздин уруксат алуу керек деген арыз да келишимге тиркелиши керек.
Бардык документтерге так болуңуз. Өз укуктарыңызды сурап, даана билип алыңыз.
Ийгилик!
0
Пайдалуу жооп