Кызылчанын ширеси миоманы дарылайбы? Гинеколог жооп берет
2020.02.13, 10:06
2292
Саламатсызбы. Менде миома бар экен. Врачтар дарылардщы жазып беришти. Андан тышкары кызылча, картошканын ширесин күнүнө бир мал ичип тур деп айтышты. Ушул дарылануу туурабы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.02.2020, 10:08
Раушан Джумагулова
Акушер-гинеколог
Саламатчылык. Бул организмди тазалоочу тундурма (настойка), анын ден соолукка эч кандай зыяны жок. Бирок миоматздук түйүлдүктөрдүн көлөмү канчалык экенин эске алуу зарыл. Эгер өтө чоң болсо, олуттуу дарыланып, балким операция да жасатуу керек.
Андан тышкары сизге бере турган кеңешим, миома аныкталганда мончого, саунага түшкөн болбойт, күнгө какталып, күйбөңүз, түрдүү физиопроцедураларды жана массаж алганга да тыюу салынат.
Ден соолукта болуңуз.
0
Пайдалуу жооп