9-класстын базасында кабыл алчу колледж же лицейлердин тизмеси барбы?
2020.02.12, 13:14
17684
Саламатсызбы! Менин уулум 9-классты бүтүп мектепте калбай турганын айтты, 10-11-классты окубайт экен, колледждерди издеп жүрөт. Мектепти аяктады деген аттестат албай калсаң эмне болот деп мен каршы чыгып жатам. 9-класстын базасында кабыл алчу колледж же лицейлер барбы? Кийин жогорку окуу жайларга тапшыра турган болсо аттестат алалабызбы же кереги деле жокпу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
12.02.2020, 13:19
КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы
Саламатсызбы! Уулуңуз колледжди бүтүргөндөн кийин, жогорку окуу жайларга тапшыра алат. Ал эми орто кесиптик билим берүүчү окуу жайлардын тизмесин Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги сайтынан таба аласыз. Шилтеме бул жерде.
0
Пайдалуу жооп