Нике кыйып жатканда мен үчүн жеңем жооп кайтарды. Кандай болот?
Ассаляму алейкум! Нике кыйып жаткан учурда кызга күйөөсү бир нерсе (алтын, акча ж.б) алып берүүгө тийиш эмеспи. Биздин никебизди кыйып жатканда молдо менден эмне алып берүүсүн кааларымды сурады. Мен жооп бергиче эле жеңем (жолдошумдун жеңеси) "алып берди, алтын сөйкө алып берди" деп оозунуп жооп берип койду. Көшөгөнүн артында олтурган молдо мени айтты деп түшүндү окшойт. Алып берсе анда жакшы деп, андан ары улантып кетти.
Менин суроом: Ал алтын сөйкөнү баланын ата-энеси салды да. Мен үчүн жеңемдин жооп берип койгону кандай болот шариатта?
Бактияр ажы Токтогазы уулу
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын фатва бөлүмүнүн адиси
Саламатсызбы!
Негизи нике кыйуу учурунда кыз өзү жооп бериши керек. Бул жерде кызга берилчү калың туурасында сөз.Аалымдар айтышат кыз тарапка берилген бардык баалуу нерсе бул калың (махр).
Жеңеңиздин жооп бергени туура эмес болуптур.