// //

Кайын эжем "сиңдим сени менен жашабайт" деп үйдөн кууп чыкты

2020.02.07, 13:56
2156

Менин биринчи аялым 4 бала менен мени таштап Москвага кетип калган. Барып-келип жүрдү, акча салса да мага эмес эжесине салчу. Убакыт өтүп улуу кызым турмушка узады, колумда калган 3 жашар бала 15ке чыкты. Бир күнү кайын эжем  үйгө келип "сиңдим сени менен жашабайт" деп мени кууп чыкты. 12 жыл  балдарды карадым. Эми минтип экинчи аял алып жашап жатам. ЗАГСты кырктырганы арыз бердим, үйдү талашканым жок, баарын таштадым. Кайра мени алимент өндүрүү үчүн сотко бериптир. Азыр ден соолугума байланыштуу эч жерде иштебейм. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
07.02.2020, 13:59

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Урматтуу окурман! Сиз сотко барып бизге айткан жүйөөлөрүңүздү айтууңуз керек. Эгер алимент өндүрүү боюнча соттук буйрук чыккан болсо, анда бул соттук буйрук менен макул эмес экениңиз боюнча ошол эле сотко жазуу жүзүндө каршы пикир менен кайрылсаңыз болот. Эскертип кетчү жагдай, соттун буйругун алганыңыздан кийин 5 күндүн ичинде кайрылууңуз керек.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт