Күйөөм үйдү талашып жатат. Мыйзам боюнча мүлк кантип бөлүштүрүлөт?
Жолдошум экөөбүз 35 жыл бирге жашадык. Күйөөмдүн башка бирөө менен мамиле курганына байланыштуу ажырашып жатабыз. Эми күйөөм келип үйдү талашып жатат. Мүлк мыйзам боюнча кантип бөлүштүрүлөт?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Силер эки жол менен ажырашсаңар болот: ЖААК бөлүмү же сот аркылуу.
Эгер мүлк боюнча талаш-тартыш болгон болсо жана өз ара мүлктү бөлүшүп алууга мүмкүн болбосо, анда силер сотко ажырашуу жөнүндө доо арыз бересиңер. Ал эми соттон Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 25-беренесинин негизинде ортодогу жалпы мүлктү бөлүштүрүү жөнүндө сурансаңар мүлктү бөлүп берет.
Ошондой эле сотко чейин ортодогу мүлктүн суммасын эсептөө боюнча адиске кайрылып, суммасын тактап алуу керек болот. Адис силерге мүлктүн жалпы суммасы канча экендиги боюнча корутунду берет. Мисалы жер, үй мүлкү боюнча мамлекеттик каттоо кызматына кайрылсаңар, ал жерде атайын адистер бар.