Кызымдын тили жакшы чыга элек, кандай ырым-жырымдарды жасаш керек?
Саламатсызбы. Кызым бешке чыкты, бирок тили жакшы чыга элек. Кандай ырым-жырымдарды жасап, кандай витаминдерди берсе болот?
Нуржамал Жаанбаева
Педиатр
Саламатчылык. Башкысы кызыңызды урушбаңыз, уяткарбаңыз, кемсинтпеңиз жана шаштырбаңыз. Анын өнүгүүсүнө көңүл буруп, убакыт бөлүңүз. Колдон келсе логопедке, неврапатологго, балдар психологуна көрсөтүңүз.
Үйдөн өз алдынча да баланын речин өнүктүрө турган көнүгүүлөрдү жасап, ойнотуңуз. Кызыктуу, өзүнө жаккан китептерди окуп берип, кайра сизге айтып берүүсүн сураныңыз. Башка балдарга да көбүрөөк аралаштырып, бирге ойношуна шарт түзүп бериңиз.
Кандай ырым-жырымдар бар экенин айта албайм. Ал эми витаминдерди анализ тапшыргандан кийин гана педиатр жазып берет.
Кызыңызга ден соолук каалайм!