// //

Машинанын арткы баллонун сүзгөнүм үчүн айдоочулук күбөлүгүмдөн ажыратышты

2020.02.05, 09:43
924

Саламатсызбы! Мен Россиянын Петропавлоск-Камчатск шаарында жашайм. Кыргыз жаранымын. Ал жерде таксист болуп иштейт болчумун. Күндөрдүн биринде машинам менен үйдүн жанындагы токтоп турган унааны кокусунан сүзүп алдым. Коркуп төрт үй ары качып кеттим. Анан машинамды ошол жерге токтотуп үйүмө кетип калдым. Арадан үч күн өткөн соң телефонума ГАИден чалып, мени чакырып тергөө ишин башташты. Тиги унаанын эч нерсеси талкаланбаптыр, бир гана арткы балонун сүзүпмүн. Ишим сотко өтүп, айдоочулук күбөлүктөн бир жылга эркимен ажыратты. Бирок, айдоочулук күбөлүктү ГАИ ГБДДга тапшыра элекмин. Тапшырганга чейин сизден кеңеш сурайын дегем. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
05.02.2020, 09:46

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Урматтуу окурман, РФтин мыйзамдары боюнча, эгер сиз соттун чечими менен макул болбосоңуз, жогорку турган инстанцияга апелляциялык даттануу менен кайрылсаңыз болот. Даттануу менен кайрылбасаңыз, анда соттун токтомунун негизинде айдоочулук күбөлүгүңүздү жол коопсуздугун көзөмөлдөчү кызматка (ГИБДД) тапшырууңуз керек болот. 

Бул шилтеме менен таанышып чыксаңыз болот: 

https://www.kp.ru/putevoditel/avto-i-moto/lishenie-voditelskikh-prav/

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт