Сиңдимдин күйөөсү үч кызына алимент төлөбөй жатат. Эмне кылса болот?
Саламатсызбы! Сиңдим күйөөсү менен ажырашты. Негизи 2014-жылы эле бир катуу жаңжал болуп, кайын энеси ЗАГсын кестирип салган экен. Былтыр да уруш болуп экөө эки жака кетишти. Эми алиментке арыз жазса, арызды бекер кылып салып алимент төлөбөй атат. Күйөө баланын тайкеси адвокат болуп иштейт экен. Ошол жардам берип жүрөт окшойт. Сиңдим башка жакка, мисалы Бишкекке арыз жазып кайрылса болобу? Үч кызы менен кыйналып жатат.
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекинин 85-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде, "Ата-эне өздөрүнүн жашы жетпеген балдарын багууга милдеттүү" деп көрсөтүлгөн. Демек, балдарды багуу бир гана энеге жүктөлгөн эмес, ата да өз балдарын багууга милдеттүү.
Алимент өндүрүү жөнүндө арыз менен сотко кайрылып, соттук буйрук чыкканынан кийин ага карата 5 күндүн ичинде каршы пикир жазган болсо, алимент өндүрүү жөнүндөгү буйрук жокко чыгарылат. Менин оюмча ал ушундай жолго барган окшойт.
Эгер мен ойлогондой болсо, анда сиңдиңиз доо арыз менен сотко кайрылышы керек. Алимент өндүрүү боюнча жашаган жери боюнча сотко арыз жазса болот, Бишкек шаарында жашаса, анда Бишкектен. Редакция менен байланышып менин номеримди алсаңыз, сизге жардам берүүгө аракет кылайын.