Wingle’иңди алып келип, суперыңгайлуу тарифти кошуп ал!
Wingle түзмөгүңдү алып келип, айына болгону 490 сомго суперыңгайлуу тарифти кошуп ал!
Абоненттердин өтүнүчү менен "Wingle түзмөгүңдү алып келип, айына болгону 490 сомго суперыңгайлуу тарифти кошуп ал!" акциясынын мөөнөтү 2020-жылдын 31-майына чейин узартылды.
Акциянын шарттары жөнөкөй: MegaCom сатуу жана кызмат көрсөтүү борборлорунун бирине 4G-түзмөктөрүн (Wingle, роутер же модем) алып келип, "MegaБит" тарифинин линейкаларынынын бирөөсүнө кошулуу.
Акциянын алкагында төмөнкү тариф линейкаларынын бирөөсүн тандап алсаңыз болот:
- «MegaБит 1» тарифи – 1 Мбит/с чейин 490 сомго;
- «MegaБит 2» тарифи – 2 Мбит/с чейин 690 сомго;
- «MegaБит 3» тарифи – 3 Мбит/с чейин 890 сомго.
«MegaБит» тарифтеринин алкагында интернет-трафиктердин көлөмдөрү, абонент кайсы түйүндө (4G LTE/3G/2G) болгонунан көз карандысыз жана чектөөсүз берилет.
Тарифке кошулуу наркы 0 сомду түзөт. Алгачкы 30 календардык күн үчүн абоненттик төлөмдүн наркы гана алынат. Абоненттик төлөм тандалып алынган тарифтик планга жараша аныкталат, 490 / 690 / 890 сомду түзөт жана ар бир 30 календардык күн сайын алынат. Эгерде каражаттар жетишсиз болсо, интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү чектелет.
Аталган тарифтерге 4G түзмөктөрдүн (Wingle, роутер, модем) жардамы менен гана кошулууга болот. 4G түзмөгүңүз жок болсо, аны АКЦИЯ боюнча сатып алсаңыз болот.