Россия жараны Кыргызстандын ЖОЖдоруна тапшырса кыйынчылык жаралбайбы?
Россиянын жараны Кыргызстанда орто мектепти аяктаган соң окуу жайларга тапшырууда кыйынчылык жаралбайбы? Эгер упайы жетсе бюджеттик орунга кабыл алынабы? Контракт болуп калса кыргыз жарандарындай эле төлөйбү?
Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы
Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүү (ЖРТ) же ички экзаменди берүү милдеттүү шарт болуп эсептелет. Абитурент жогорудагы эки баалоонун (ЖРТ же ички экзамен) бирөөсүнүн жыйынтыгын көрсөтүүгө тийиш. Эгер жогорку упайга ээ болсо, гранттык орунга талапкер боло алат. Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында окуу жана акы төлөө шарттары Кыргызстан жана Россия жарандары үчүн ар түрдүү.
Ошондой эле Кыргызстандагы бир канча окуу жайлар ЖРТсыз кабыл алат. Алар: Тургунбай Садыков атындагы Улуттук көркөм сүрөт академиясы, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясы, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети. Окууңузга ийгилик!