// //

Төрөгөндөн кийин ичти киргизе турган бандаж тагынса болобу? Гинекологдун жообу

2020.02.04, 12:12
2529

Саламатсызбы. Төрөгөндөн кийин “латексный утягивающий корсет” кийсе болобу? Ден соолукка терс таасирир тийбейби?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
04.02.2020, 12:13

Светлана Коздрович

Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык! Бул суроо боюнча доктурлардын пикири эки топко бөлүнгөн:

  • биринчилери, бул зыян, анткени кан айлануу процессин бузат деп айтышса,
  • экинчилери бандажды дароо төрөттөн кийин кийиш керек, болбосо жамбаш сөөктөгү жатын жылып кетип, аялдын дене түзүлүшүн өзгөртүп коет, деп айтышат.

Кесердик кесүү аркылуу төрөгөндөргө бандаж тагынуу такыр болбойт, деген ойду бардык гинекологдор бир ооздон айтышат.

Ошондуктан сиздин сурооңузга бир беткей жооп берүү кыйын. Болгону өзүңүздүн абалыңызды байкаңыз. Эгер корсет тагынуу кандайдыр бир кыйынчылыктарды же ыңгайсыздыктарды жаратапаса анда колдоно бериңиз.

Ал эми белиңиз талып, табарсыгыныз кысылып, улам-улам заара кылсаңыз, же башка белгилерди байкасаңыз анда тагынбай эле турган оң.

Бешик бооңуз бек болсун. Өзүңүз ден соолукта болуңуз!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт