Мен “сиагра” дарысын колдоном, ден соолукка зыяны тийбейби? Уролог жооп берет
2020.02.04, 11:54
7023
Саламатсызбы. Менин эркектик мүчөм жакшы турбайт. Ошондон улам “сиагра” дарысын көп колдоном. Аны ичпесем такыр турбайт. Үй-бүлөлүүмүн. Бул дары ден соолукка зыян эмеспи?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
04.02.2020, 11:56
Азат Бейшенов
Уролог
Саламатчылык. Мен да сизге бир нече суроом бар:
- Канча жаштасыз?
- Бул дарыны канча убакыттан бери ичип жатасыз?
- Канча доза менен ичесиз?
- Дары ичээрдин алдында медициналык текшерүүдөн өттүңүз беле?
Бул дарыны уролог же андролог жазып берет. Алгач бардык анализдер тапшырылып, бейтапка импотенция деген диагноз коюлгандан кийин башка дарылар жазылат. Эгер алар да жардам бербесе, анан виагра, сиагра, камагра сыяктуу препараттар сунушталат.
Өзүм билемдик менен алып ичкен болбойт. Себеби дарынын терс таасири бар. Алар:
- баш оору;
- көздүн көрүүсү начарлайт же пианопсия, башкача айтканда түстөрдү кабыл ала албай бардыгын көгүш өңдө көрө баштайт;
- мурунду бүтүүсү;
- жүрөк айлануу.
Ошондуктан урологго көрүнүп коюңуз.
0
Пайдалуу жооп