Кыздар намазды тогуз жашында эмес, андан кеч окуса эмне болот?
Саламатсызбы! Кыздар намазды тогуз жашынан баштап окуш керекпи? Он эки жашынан баштап окуса үч жыл каза болобу?
Бактияр ажы Токтогазы уулу
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын фатва бөлүмүнүн адиси
Саламатсызбы! Кыздар намазды мынча жашында окуш керек деген так бир жаш курак жок. Намаз балакатка жеткенде окуп башталат. Ага чейин намаз окууга үйрөтүп, чакырып турса болот. Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) "балдар жети жашка толгондо намаз үйрөтө баштагыла" деп айткан. Демек, намазды балакатка жеткенден баштап окуу парз болуп эсептелет. Балакатка жеткенде эмес, кийин окуса мурунку жылдар каза болуп эсептелбейт. Мажбурлап намаз окутууга эч кимде укук жок, намаз ар бир кишинин өз каалоо-ыктыяры менен аткарылышы керек.