Күйөөм экөөбүзгө сифилис деген диагноз коюлду. Андан толук айыгып кетсе болобу?
Саламатсызбы. Күйөөм экөөбүзгө сифилис деген диагноз коюлду. Цефтриаксон антибиотик алып жатабыз. Бул оорудан толугу менен айыгып кетүү мүмкүнбү? Ортодо бир кызыбыз бар. Биз дагы балалуу боло алабызбы?
Бакыт Курманалиева
“Эркай” клиникасынын адиси, дерматолог
Саламатчылык. Ооба, көбүрөөк убакыт керектелет, бирок толугу менен айыгып кетүү мүмкүн. Бир эле антибиотикти алуу жетишсиз. Биз демейде, бир нече антбиотик жазабыз. Андан тышкары витаминдер, иммуномодуляторлор берилет.
Дарылардын бардыгын ичип бүткөндөн кийин эки айда бир жолу анализ тапшырып туруу зарыл. Анда оорунун титрлери канчалык төмөндөп жатканын байкап, көзөмөлдөп турабыз.
Албетте, балалуу боло аласыңар. Мурда бейтаптарыбызга 5 жылга чейин кош бойлуулукту пландабай тургула деп сунуштачу элек. Бирок көпчүлүгү тилибизди алышпайт. Ошондой болсо да, жок дегенде 3 жылга чейин кое тургула. Толугу менен айыгып кеткенден кийин, алты саны аман балалуу болуу мүмкүнчүлүгүңөр жогорураак болот.
Ден соолугуңузга жоопкерчиликтүү мамиле кылыңыз!