Москвага кетип жаткан күйөөмөн алимент өндүрө аламбы?
Саламатсызбы! Жолдошум экөөбүз 20 жаштабыз. Алты айлык кызым бар. Азыр ага болгон мамилем муздап калды. Мени адам катары көрбөйт, ичип-жегендеримди санайт, акча карматпайт, эч нерсе алып бербейт. 4-февралда Москвага кетет. Эгер ажырашсам алимент өндүрө аламбы? Мага көп жолу кол көтөргөн.
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман, эч бир адамды ажырашуусун каалабайт элем, бирок жагдай сиз айткандай болсо, анда бул маселени өзүңүздүн жакындарыңыз менен ачык сүйлөшүү менен чечүү керек. Мыйзам боюнча эч ким сизди ал адам менен мажбурлап жашата албайт, эгер үй-бүлөнү мындан ары сактоого мүмкүн эмес болсо, силер сот тартибинде ажырашасыңар жана алимент маселеси боюнча сотко арыз менен кайрыласыз.
Күйөөңүз Москвага кетсе да алимент өндүрүүгө болот. Ал эми сизге кол көтөргөндүгү мыйзамсыз аракет. Бул боюнча ачык сүйлөшүп ой пикириңизди айтыңыз.