Аялымдын жообу таң калтырды
Бирге түтүн буулатып келатканыбызга 40 жылдан ашты.
Кеч кирип калган. Демейдегидей эле чай ичип кобурашып олтурганбыз. Кемпиримди сынап көрмөкчү болуп минттим: " 35 жыл мурун бир кичинекей үйдө жашап, эски Жигули айдап, үч бутту керебетте уктачубуз... Баса, үстүнө чапмайын иштебеген телевизор эсиңдеби? Ал кезде жаңы баш кошуп ысыгыбыз тарай элек болчу. Эх, 25 жаш... Ошондо эки жүз пайыз бактылуу элем.”
“Азырчы... Бизде заңгыраган үй, бир эмес үч машина, жумшак керебет жана чоң плазма бар. Бирок. Ар бир түнү жанымда 60тагы кемпир жатат. Кымбаттуум, эмнегедир сен мага татыктуу эместей сезиле баштадың” дедим.
Жубайым акылдуу жана билимдүү аял. Назик жылмайып мындай деди:
"Алтыным, мен сени кармабайм, төрт тарабың кыбыла, каалаган жагыңа кете бер. Мага ишен, 25 жаштагы кыз тапсаң унчукпайм. Болгону, бир кичинекей үйдө, Жигули айдап, үч бутту керебетте уктап, иштебеген телевизорду тиктеп жашап калышың үчүн бардык күч аракетимди жумшайм!”