Колледжде бир жыл окуп, кийин жогорку окуу жайга которулса болобу?
2020.01.30, 10:29
2170
Саламатсызбы! Мен 11-классты бүтүп колледжге тапшырсамбы дегем. Бир жыл окугандан кийин жгорку окууга жайга которулсам болобу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
30.01.2020, 10:30
Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы
Саламатсызбы! Жок, мындай кылуу болбойт. Колледжди бүтүрүп, андан кийин гана жогорку окуу жайга тапшыруу керек. Же болбосо дароо эле университеттин сынагынан өтүү зарыл. Эмне үчүн колледжден университетке которулуу мүмкүн эмес дегенде, бул жерде билим берүү деңгээли жана окуу программалары ар түрдүү. Колледж - бул орто кесиптик билим берүү, университет - бул жогорку кесиптик билим берүү. Окууңузга ийгилик!
0
Пайдалуу жооп