Айдоочулук күбөлүгүм Россияныкы, Кыргызстандыкын да алышым керекпи?
2020.01.29, 11:01
1137
Саламатсызбы. Менин айдоочулук күбөлүгүм Россияныкы. Кыргызстандын да айдоочулук күбөлүгүн алышым керекпи? Эгер алсам, азыркы күбөлүгүмдү эмне кылам?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
29.01.2020, 11:02
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик каттоо кызматынын Уюштуруу коммуникация иштери бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
Саламатсызбы, урматтуу окурман. Биздин мамлекетибиздин мыйзамы боюнча Россия Федерациясынын айдоочулук күбөлүгу менен Кыргыз Республикасынын аймагында да жүро берсеңиз болот. Эгер Кыргызстандын документин алгыңыз келсе, анда айдоочулукка экзамен тапшырып (практикасын гана өтосүз), күбөлүкко ээ боло аласыз.
Эски күбөлүгүнуз убактылуу сактоого мамлекетке тапшырылат.
Ийгилик!
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
0
Пайдалуу жооп