Эмне себептен ич курулдайт? Дарыгер айтып берет
2020.01.28, 11:47
12527
Саламатсызбы! Менин ичим көп курулдайт. Кээде көөп, адамдар менен олтурганда уят кылып ичимден үндөр да чыгып кетет. Эмне себептен болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
28.01.2020, 11:48
Асель Сыдыкбекова
Терапевт
Саламатсызбы!
Ичтин курулдашы ич көбүүдөн улам болот. Мындан тышкары ичеги-карындын потологиясы, ашказандын, өттүн сезгенүүсүнөн улам да болушу ыктымал.
Мүмкүн газдалган суусундукту көп ичесиз. Зарына болосузбу? Оозуңуз жагымсыз жыттанып, ачуу даам келеби?
Сиз УЗИден, гостроскопиядан өтүп, дарыгер-терапевттин консултациясын алыңыз.
Оорунун себебин билгенден кийин, дарылануу курсунан өтөсүз.
Ден соолукта болуңуз!
0
Пайдалуу жооп