Үйдү күйөөм менен бөлүшпөй эле койсом болобу? Адвокат жооп берет
Саламатсызбы! Сизге суроом бар эле. Күйөөм экөөбүз ажырашканы турабыз. Ортодо эки балабыз бар. 2013-жылы үй алып, күйөөм РФтин жараны болгондуктан менин атыма каттатканбыз. Эми ошол үйдү сатсак, тең экиге бөлүнөбү? Үйдү сатпай эле балдарыма калтырсак болобу?
Эркингүл Шаршенбекова
Адвокат
Саламатчылык. 2013-жылы үй сатып алган учурда, жолдошуңуз менен никеңиз расмий түрдө катталган болсо, КРдин Үй-бүлөлүк кодексинин талаптарына ылайык, чогуу тапкан мүлк деп эсептелинет. Бирок аны кандай кылып бөлүшүп, кимдин атына каттатасыңар өзүңөр чечишип алышыңар керек.
Айта кетчү нерсе! Эгер үйдү саткыңыз же бөлгүңүз келбесе, бул сиздин маселе болбошу керек. Үй сиздин атыңызга катталган соң күйөөңүздүн гана көйгөйү.
Башкача айтканда, эгер ич ара келишип, тынчтык менен чечишип ала албасаңар, сиз эч жака доо арыз менен кайрылбайсыз.
Адвокат Эркингүл Шаршенбекованы инстаграмдагы @advokat_kg_erkingul баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.