Алимент төлөө арыз түшкөндөн кийин кайсы күндөн тартып ишке кирет?
2020.01.27, 14:38
1537
Саламатсызбы! Алимент төлөө арыз түшкөндөн кийин кайсы күндөн тартып ишке кирет? Арыз жазганга чейинки мурдагы эки-үч жылды дагы төлөө керекпи?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
27.01.2020, 14:39
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Саламатсызбы! Алименттер КРнын Үй-бүлө кодексине ылайык алимент өндүрүү жөнүндөгү сотко доо арыз менен кайрылган күндөн тартып эсептелинет. Мурдагы эки жылдыкын өндүрүп алуу боюнча дагы сотко доо арыз кылып тапшыруу керек. Практикамда мындай арыздар кездешкен эмес. Ошондуктан бул маселе сотто кандай чечилээри мен үчүн белгисиз. Бирок, жалпысынан мыйзам боюнча алимент сотко кайрылган күндөн баштап эсептелинет.
0
Пайдалуу жооп