"Элдик" кредиттик продуктусу менен техника, эмеректерди насыяга алуу опоңой
Эми "Айыл Банк" АКК элге керектүү товарларды (турмуш-тиричилик/ уюмдаштыруучу техника, эмеректер жана жеке пайдалануу үчүн башка товарлар) мөөнөтүн узартуу менен сатып алуу үчүн өнөктөш-дүкөндөр аркылуу кредиттерди бере алат.
"Айыл Банк" АККнын кредиттик башкармалыгынын кредиттик бөлүмүнүн башкы адиси Азамат Зикиров банктын “Элдик” жаңы кредит продуктусу боюнча айтып берет.
“Элдик” продуктусу боюнча кредиттер төмөнкүлөргө берилет:
- Ай сайын стабилдүү акча кирешеси же менчикте олуттуу активдери бар болгон Кыргыз Республикасынын жарандарына;
- Биздин Банкта/ же болбосо башка банкта эмгек акы долбоору боюнча тейленген уюмдун кызматкерлерине;
- “Айыл Банк” ААКтын кызматкерлерине.
Бул продукт боюнча кредит алууну каалаган адамдардын банкта же башка финансы-насыялык мекемелерде жакшы кредиттик тарыхы болушу керек.
“Элдик” кредит продуктусунун мүнөздөгүчтөрү:
- Кредиттин минималдуу суммасы – 5 000 сом, ал эми максималдуу суммасы – 100 000 сом;
- Кредиттин мөөнөтү 3 айдан 18 айга чейин;
- Пайыздык чендер жылдык 26%дан баштап 30%га чейин;
- 3-жактын кепилдиги (50 000 сомго чейинки насыялар кепилдиксиз берилиши мүмкүн);
“Элдик” кредитти алуу үчүн керектүү документтердин тизмеси:
- Зайымчынын, күйөөсүнүн/ аялынын, кепилдин паспорту;
- Зайымчынын жана кепилдин акыркы 6-12 айдын ичиндеги кирешелери жөнүндө маалымкат (Банкта эмгек акы долбоору боюнча тейленген зайымчылардан талап кылынбайт.
Кененирээк маалыматты www.ab.kg сайтынан же бул телефон номерлерден алууга болот: 0312 68 00 00, 0556 68 00 00.