Жеңем үйүн ачпай, балдарды көрсөтпөй жатат. Тайкем эмне кылса болот?
Саламатсызбы! Тайкем менен жеңем чыр менен ажырашып жатышат. Тайкем сот аркылуу ажыраша электе эле алимент төлөп баштаган, бүгүнкү күнгө чейин төлөйт. Ортолорунда беш бала бар. Эми аялы сотко келбей, ЗАГСтын, үйдүн, балдардын документин бербей жатат. Тайкем кантип мыйзамдуу түрдө ажыраша алат? Өзү сотко арыз жазган. Аялы үйүн ачпайт, балдарын урат, кышында көчөгө чыгарып коет, ичет. Эки баласы азыр атасы менен. Социалдык башкармалыктардын кызматкерлери, милиция барса дагы жеңем үйүн ачпай жатат.
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Саламатсызбы! Үй кимдин атында? Экөөнүн атында болсо, тайкеңиз сотко ажырашуу тууралуу арыз менен кайрылып жатканда, жубайлардын ортосундагы мүлктү бөлүү тууралуу өтүнүч берсе, сот аны ажыраштыруу учурунда карайт. Ажырашуу боюнча тараптар сотко чакырылат, тараптардын бирөөсү келбей койсо, сот чечимди сырттан чыгарып коюуга укугу бар. Балдардын кароосуз калып көчөдө жүргөнү боюнча, социалдык башкармалыктар сөзсүз чара көрүшү керек, мыйзам балдарды селсаяк кылууга тыюу салган. Тайкеңиз арыз менен кайрылып гана тим болбостон, жыйынтыгын сурап, эмне болуп жатканын билип, ишти аягына чейин алып баруусу керек.