Күйөөм үч талак айтып алды. Балакаттагы балага турмушка чыксам нике бузулбайбы?
Саламатсызбы! Күйөөм экөөбүз баш кошконубузга үч жыл болду. Эки жаштагы кызыбыз бар. Үч кун мурун урушуп кетип, жолдошум 3 жолу талак деп айтып салды. Ачуусу менен айтып алганын айтып, кайра кечирим сурап жатат. Никебиз бузулбаш үчүн мен балакаттагы бала менен никелешип бир күн жашашым керек экен. Эмне кылсам болот? Мен башкага турмушка чыгууну каалабайм.
Бактияр Токтогазы уулу
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын фатва бөлүмүнүн адиси
Саламатсызбы! Үч талак абдан олуттуу маселе. Силер Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнө кайрылгыла. Себеби окуянын чоо-жайын тактабай туруп, бир нерсе деп айта албайбыз. Эскерте кетчү нерсе, сөзсүз түрдө жубайлар чогуу келиши керек. Бул бир тараптын катышуусу менен чечиле турган маселе эмес. Биздин дарек: Бишкек шаары, Гоголь көчөсү 57, (+996 (312) 48-61-64.