“Вызывающий” менен төрөтөбүз деп жатышат, ал зыян эмеспи?
Менин боюмда бар. Өзүмдүн эсебим боюнча 41 жума болуп калды. Мөөнөтүм 20-январь болчу. Доктур 25не чейин төрөбөсөң, “вызывающий” менен төрөтөбүз деп жатат. Ал зыян эмеспи?
Раушан Джумагулова
“Эркай” кдиникасынын адиси, акушер-гинеколог
Саламатчылык. Төрөт үчүн эң оптималдуу мөөнөт – бул 37 жумадан 42 жумага чейинки мезгил аралык. 37 жумадан эртерээк төрөлгөн бала ара төрөлөт, ал эми 42 жума өтүп кеткенден кийин мөөнөтүнөн ашып кеткен болуп саналат.
Эгер 42 жумага чейин бала төрөлбөсө, анда оперативдик кийлигишүү варианты каралат, башакача айтканда кесердик кесүү аркылуу. Анткени бул учурду өткөрүп жиберүү эне жана баланын ден соолугу үчүн коркунуч туудурат.
Төрөт процессин стимуляциялоо, башкача айтканда “вызывающий” укол сайдыруу, эне жана баланын ден соолугу үчүн эч кандай коркунуч жаратпайт.
Аман-эсен көз жарып алыңыз!
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.