Жылдыз Караталова: "Эртең" деген сөздү унуткула!
2018.11.02, 14:31
2638
Бизнесвумен Жылдыз Караталова түз эфирибизде конокто болуп, ийгиликке жетүүнүн сырлары менен бөлүштү.
Ишкер айым баарынан маанилүүсү бүгүнкү күн дейт.
- Бизнести эртең эмес, бүгүн баштоо зарыл. Убактысы келсин деген абдан чоң жаңылыштык.
Бизнесмен үчүн биринчи орунда пландоо экенин айтты.
- План түзбөй жашаган адам, башкаруусу жок кеме сыяктуу. План – жашообуздун компасы!
Жылдыз Караталова айтмакчы бизнес баштоо үчүн акча эмес, ишеним керек.
- Алдыга койгон максат жете албагандай бийик болсун. Мисалы, эртең менен саат 8-9дарда туруп көнүп калгансыз. Эми 30 күн таңкы 5те ойгоном деп талап коюңуз. Ага жеткенде өзүңүздү ишенимдүү сезип, андан да чоңураак максаттарга умтула баштайсыз.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.