Аялым оорутуп жатат деп кошулбай койчу болду. Кандай кылсак айыгат?
Аялым экөөбүз көп убакытка чейин кошулган эмеспиз. Төрт күн мурун жыныстык катнашыбыз адаттагыдан көбүрөөк созулган. Ошол күндөн бери оорутуп жатат, дейт. Эмнеден мындай болду? Кандай кылсак айыгат? Кеңеш бериңизчи?
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы. Сиздин сурооңузга келинчегиңизди көрбөй туруп жооп берүү кыйын болуп турат. Алгач эмне себептен ооруп жатканын аныктоо зарыл.
Адатта, эгер аял дүүлүгүп турса, жыныстык катнашты өзү да кааласа, секстин узактыгы канча болбосун эч кандай ооруксунуу пайда болбойт. Анткени, интимдик жакындыкты каалап турган аялдын кынынан атайын “смазка” бөлүнөт. Ал ургачыны майда травма алуудан коргойт.
Ал эми эркек өтө шашып, өнөктөшүнүн даяр болуусун эске албай, өзүнүн гана моокумун кандырууга умтулса, аялына жаракат алып келиши мүмкүн. Ошондуктан эң башкы шарт, аялдын каалоосун эске алуу.
Эмнеси болсо да, келинчегиңизди гинекологго алып барып, консультация алып коюңуз. Эгер башка себептери аныкталса, убагында дарыланып алган оң болот.