Эки айдан бери дүүлүкпөй калдым, бул кандай оору болушу мүмкүн? Урологдун жообу
2020.01.21, 11:26
1387
Саламатсызбы. Менин суроом урологго. Жашым 28де. Мурда бат-баттан дүүлүгүп турчумун. Эки айдан бери жыныс мүчөм да турбай, дүүлүкпөй да калдым. Бул кандай оору болушу мүмкүн?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
21.01.2020, 11:28
Азат Бейшенов
Уролог
Саламатчылык. Сиздин оору простатит болушу мүмкүн. Бирок так жообун сизди көрүп, анализ тапшыргандан кийин гана бере алам.
Простатиттин симптомдору:
- заара ушатканда кыйналат, дискомфорт пайда болот, оорутат;
- эркециянын механизми бузулат, оргазм басаңдайт;
- бел суусу эрте түшөт;
- потенция төмөндөйт;
- маанайы чөгүп, санаа тартып калат.
Простатит менен жабыркаган эркектердин “сөзсүз айыгам” деген психологиялык маанайы да өтө маанилүү. Себеби, ал адамдын потенциясына түздөн түз таасирин тийгизет.
Ден соолукта болуңуз!
0
Пайдалуу жооп