«Ишенимдүү төлөм 2.0» кызматы менен байланышта болуңуз
2020.01.20, 15:18
3471

- «Ишенимдүү төлөм 2.0» кызматынын мүнөт пакеттеринин ичине Beeline, Мегаком жана О! мобилдик операторлорунун түйүндөрүнө чалуу үчүн мүнөттөр кирет.
- Бир убакта бир гана «Ишенимдүү төлөм 2.0» алуу мүмкүн. «Ишенимдүү төлөм 2.0»дү кайрадан колдонуу, «Ишенимдүү төлөм 2.0» кызматына тиешелүү карызды толугу менен төлөгөндөн кийин гана мүмкүн.
- «Ишенимдүү төлөм 2.0» кызматына тиешелүү карыз, баланс жетиштүү суммага толукталган учурда, автоматикалык түрдө төлөнөт.
- Балансты толуктоо суммасы/пакеттин баасы (абонент эмнени тандаган болсо) жана кызматтын баасы толугу менен төлөнгөн учурда, «Ишенимдүү төлөм 2.0» кызматына тиешелүү карыз толугу менен төлөнгөн болуп саналат.
-
«Ишенимдүү төлөм 2.0» кызматына тиешелүү карыз бар болгон учурда жана «Твоя свобода» кызматы боюнча активдүү пакети болгон учурда, «Ишенимдүү төлөм 2.0» кызматы жеткиликтүү болбойт.
-
«Ишенимдүү төлөм 2.0» кызматына тиешелүү мүнөт же интернет пакеттери 8 календардык күндүк мөөнөткө берилет. Мындай учурда, пакеттин жана кызматтын баасы, баланс жетиштүү суммага толукталган соӊ, автоматикалык түрдө төлөнөт.
-
«Ишенимдүү төлөм 2.0» кызматы румингдеги абоненттер үчүн жеткиликтүү эмес.
-
«Ишенимдүү төлөм 2.0» кызматы аркылуу толукталган балансты жалгыз гана Beeline’дын байланыш кызматтарына колдонуу мүмкүн.
-
«Ишенимдүү төлөм 2.0» кызматын колдонуу үчүн, абонент *203# буйругун терүүгө тийиш.
-
«Ишенимдүү төлөм 2.0» кызматын колдонууну сунуштаган кирүүчү SMS-билдирүүлөрдү токтотуу буйругу: *203*0#
-
Балансты толуктоого же «Ишенимдүү төлөм 2.0» кызматына тийиштүү мүнөт жана интернет пакеттерин кошууга тыюу салуу буйругу: *203*9#
-
Балансты толуктоого же «Ишенимдүү төлөм 2.0» кызматына тийиштүү мүнөт жана интернет пакеттерин кошууга уруксат берүү буйругу: *203*09#
-
«Ишенимдүү төлөм 2.0» кызматына тийиштүү карызды текшерүү буйругу: *203*1#
-
«Ишенимдүү төлөм 2.0» кызматына тийиштүү карызды жана кызматтын баасын мөөнөтүнөн мурда төлөө буйругу: *203*2
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.