Садаканы христиандарга берсе болобу? Теолог жооп берет
2020.01.20, 13:32
1514
Саламатсызбы! Садаканы мусулман эместерге, мисалы христиандарга деле берсе болобу? Биздин айылда бир орус үй-бүлө аябай жардамга муктаж. Ошолорго кийим-кече, ун алып берсекпи деп ойлоп жатканбыз.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
20.01.2020, 13:34
Кадыр Маликов
Теолог
Албетте, садаканы мусулман эместерге берсе болот. Себеби садака өз ичине муктаж болгон адамдардын баарын камтыйт. Тактап айтканда, бул жердеги негизги принцип - муктаждык, улут же конфессия эмес. Эгер адам чынында эле муктаж болсо, анда ал мусулмандар тарабынан садака алууга укугу бар. Демек, динибиз бул нерсеге уруксат берет.
0
Пайдалуу жооп