Жубайлардын ортосунда ЗАГС жок болсо алимент төлөнө береби?
2020.01.17, 10:50
1239
Саламатсызбы! Мен балама алимент төлөтөйүн дегем. Ажырашканыбызга 10 жыл болуп калды. Күйөөм жардам бербейт. ЗАГС жок болсо алимент төлөй береби? Жакында балам операция болду, бирок атасы келип да койгон жок.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
17.01.2020, 10:52
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Саламатсызбы! Ажырашкан жубайлардын ортосунда ЗАГС жок болсо да, алимент өндүрсө болот. Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн атасы деген графасында күйөөңүздүн аты-жөнү жазылса, өзүңүз жашаган аймактагы сотко, алимент өндүрүү боюнча арыз менен кайрылыңыз. Графада күйөөңүздүн аты-жөнү көрсөтүлбөгөн учурда дагы, сотко доо арыз жаза бериңиз.
0
Пайдалуу жооп