Өзгөнгө барып отурбай эле Бишкектен паспорт алсам болобу? Адис жооп берет
Мен жакында паспорт жөнөттүм. Өзүм Өзгөн районунун тургунумун. Азыр Бишкекте иштеп жүрөм. Мен паспортту Өзгөнгө барып отурбай эле, Бишкектен алсам болобу? Ал үчүн кайсы жака кайрылам жана кандай документтер, справкалар керек?
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик каттоо кызматынын Уюштуруу-коммуникация бөлүмүнүнүн жетектөөчу адиси
Саламатсызбы. Сиздин жазганыңыз бир аз түшүнүксүз. Эгерде эми гана жаңы паспорт алайын деп жатсаңыз, Өзгөнгө барып отурбай эле, документтериңизди толугу менен чогултуп, тапшырып, Бишкектен эле алсаңыз болот. Башкысы, базадан сиздин катталган жериңиз чыгуусу зарыл. Кадимкидей эски паспортуңузду тапшырып жаңысын аласыз.
Эгер, жаңы паспортко документти Өзгөндөн тапшырып келген болсоңуз, аны Бишкектен ала албайсыз. Кайсы жерге документ тапшырсаңыз, ошол жерден паспорт берилет.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.