Бул жылы ЖРТ качан болот? Каттоо башталганда Кыргызстанга барайын дегем
2020.01.17, 10:05
3232
Саламатсызбы! Быйыл жалпы республикалык тест тапшырайын дедим эле. Бишкекте тестке документ тапшыруу каттоосу качан башталаарын билип бере аласызбы? Чет мамлекетте жүрдүм эле. Каттоо башталганда Кыргызстанга барайын дегем.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
17.01.2020, 10:05
Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы
Саламатсызбы! Тилекке каршы, 2020-жылы жалпы республикалык тестке каттоо кайсы күнү болоору так аныктала элек. Учурда ЖРТны өткөрө турган компанияны тандоо тендери жүрүп жатат. Февраль айынын аягында же март айында так белгиленет. Ошондо биз баарына жарыялайбыз. Ишиңизге ийгилик!
0
Пайдалуу жооп