Банктык эсеп ачуунун жол-жоболору
2018.11.01, 14:36
1762
Айыл Банкта банктык эсеп ачуу - заманбап жана ыңгайлуу!
Жеке банктык эсеп – каражаттарыңарды башкаруу үчүн заманбап жана ыңгайлуу каржы инструмент. Жеке банктык эсеп менен:
- накталай эмес акча которууларды алуу жана жөнөтүү
- ар-кандай товарлардын акысын төлөө
- коммуналдык төлөмдөрдү жүргүзүү
- уюлдук телефондордун эсебин толтуруу
- салыктарды которуу
- эмгек акыны эсепке алуу жана башка банктык операцияларды жүргүзүү мүмкүн.
Айыл Банк Кыргызстандын бардык аймактарында жайгашкан бөлүмдөрүндө банктык эсепти ачууну жана сапаттуу эсеп-кассалык тейлөөнү сунуштайт.
Банк эсебин ачуу үчүн керек болгон документтердин тизмеси
Жеке жактар үчүн:
- кардардын анкетасы;
- бенефициардык менчик ээсинин (пайда алуучунун) анкетасы;
- кардардын кол тамгасын коюулган эсепти ачууга арыз;
- кардардын өздүгүн тастыктаган документ (паспорт)
Кардардын пайдасына ишеним кат боюнча эсеп ачкан учурда:
- кардардын эсебин ачууга же аны башкарууга ишеним каттын түп нускасы,
эгерде башка ишеним кат болсо, анда салыштырып текшерүү үчүн анын көчүрмөсү жана түп нускасы; - кол тамгалар үлгүлөрүнүн карточкасында көрсөтүлгөн, ыйгарым укуктуу адамдын паспорту (салыштырып текшерүү үчүн көчүрмөсү жана түп нускасы) керек;
Эсепти ачкан кардар он төрт жашка толо элек болсо, анда эсеп ачуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- ата-энесинин, эсепти башкарууга ыйгарым укук берилген өкүлдөрүнүн паспорту (салыштырып текшерүү үчүн көчүрмөсү жана түп нускасы);
- жашы жете элек кардардын туулгандыгы жөнүндө күбөлүк (салыштырып текшерүү үчүн көчүрмөсү жана түп нускасы);
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.