Эки бөйрөгүмдө тең туз бар экен. Эмне кылсам болот?
2020.01.16, 11:15
1461
Саламатсызбы! Менин эки бөйрөгүм ооруйт, экөөндө тең туз бар деген. Эмне кылсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
16.01.2020, 11:16
Болот Рысбаев
Уролог
Урматтуу окурман! Дарыгер туз бар десе, демек даарылануу керек. Эгер мурда дарыланып, дагы эле жакшы болбой жатсаңыз, кайрадан анализ тапшырып, бөйрөктөрүңүздү УЗИге тартыңыз. Бутуңузду жылуу кармап, туздуу, майлуу, газдалган жана ачуу тамактардан алыс болуңуз. Аз-аздан суюктук ичип, оор нерсе көтөрбөңүз. Сөзсүз дарыгерге барыңыз, диагнозду толук билбей туруп, эч бир дарыгер бул нерсени кыл деп айта албайт.
0
Пайдалуу жооп