Алиментти көбөйтүү үчүн күйөөмдүн айлыгы 45 000 сом экенин кантип тастыктайм?
Саламатсызбы! Күйөөм экөөбүз беш жылдан бери чогуу жашабайбыз. Сот аркылуу ажырашканбыз. Эки балабыз бар, экөө тең менин колумда. Сотко алимент өндүрүү боюнча кайрылгам, чечим эми чыкты. Азыр күйөөм бир фирмада иштейт, 45 000 сом алат экен. Анысын кимге кайрылып жана кантип аныктасам болот? Сот аткаруучуга кошумча каражат катары коштуруп, алименттин суммасын көбөйтсөмбү дегем.
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Сиз сот аткаруучуга өзүңүздө болгон маалыматы арыз түрүндө жазып кайрылыңыз, ал эми сот аткаруучу сиз билдирген маалыматтарды тактап жазуу түрүндө жооп берет. Эгер сиз күйөөңүз кайсы фирмада иштеп жатканын билсеңиз, бул тууралуу арызга жазып койсоңуз, сот аткаруучунун тактоосуна жеңил болот. Сиз жазган арыз боюнча сот аткаруучу ошол фирмадан карызкор канча айлык алаарын жана Кыргыз Республикасынын Салык кызматтарында жеке ишкер же салык тоолочу иретине каттоодон өткөнбү тактоого укгу бар. Бул жагдайларды тактоо түздөн-түз алименттин суммасын өзгөртүүгө негиз болот.