Балам түнкүсүн сийип коет. Күйөөм ошондой болчу экен. Бул оору тукум кууйбу?
Саламатсызбы! Менин беш жаштагы балам түндөсү сийип коет. Памперс колдонобуз. Бул зыян эмеспи жана эмнеге төшөгүнө заараша ушатат? Кайын энеме айтсам, "атасы ошондой эле, мектепке барганда да сийип койчу" деди. Тукум куушу мүмкүнбү? Эмне кылсак болот?
Болот Рысбаев
Уролог
Саламатсызбы! Түнкүсүн төшөккө заара кылып койгонду - энурез деп коет. Бул дартты тукум кууйт деп айтуу кыйынга турат. Болжол менен 100%дын 20%ы тукум куушу мүмкүн. Памперс колдонуунун эч кандай зыяны жок. Бирок, өмүр бою памперс колдонуп жүрө бербейсиз да.
Мисалы, бизге түнкүсүн заарасын кармай албаган 16 жаштагы балдар келет. Мындан да жогорку жаштагы адамдар бар. Андыктан балаңызды тезинен урологго көрсөтүп, себебин аныктаңыз. Дарыгер анализдин жыйынтыгына жараша дарыланууну жазып берет.