Баланы өзүмдүн атыма жаздырсам, алимент өндүрө аламынбы? Адвокат жооп берет
Күйөөм менен ажырашкам, бирок ЗАГС кыркыла элек. Төрөгөнүмө 2 күн болду. Балама метирке алыш үчүн ЗАГС анан атасынын паспорту да керек экен. Бирок күйөөм алимент төлөбөштүн айласын издеп, баланы өз атына жаздырбай атат. Эгер өзүмдүн эле атыма каттатып алсам, алимент өндүрө аламынбы?
Эркингүл Шаршенбекова
Адвокат
Саламатчылык. Жок, эгер өзүңуздүн атыңызга жаздырып, атасы – деген графаны бош калтырсаңыз, анда күйөөңуз алимент төлөбөйт. Анткени алимент өндүрүү үчун анын аталыгын аныктоо керек болуп калат.
Андыктан, максатыңыз алимент өндүрүу болсо, атасы – деген жерге күйөөңүздүн аты-жөнү жазылганы оң.
Бешик бооңуз бек болсун!
Адвокат Эркингүл Шаршенбекованы инстаграмдагы @advokat_kg_erkingul баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.