// //

Атым Алина, аябай аскер бөлүмүндө иштегим келет. Полковник жооп берет

2020.01.13, 10:40
986

Саламатсызбы. Менин атым Алина, 25 жаштамын, 1 уулум бар. Менин аябай аскер бөлүгүндө иштегим келет. Угушум боюнча, аскердик бөлүмгө жумушка кирээрде медициналык кароодон өтүү зарыл. Тилекке каршы, кырсыктан улам көк боорумду операция менен алып салышкан. Мен аскер кызматкери боло аламынбы?

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.01.2020, 10:41

Гүлзат Жарашева

Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын, пресс-кызматынын жетекчиси, полковник

Саламатчылык. Ооба, туура айтып жатасыз. Аскердик бөлүмгө жумушка кабыл алына тургандардын бардыгы сөзсүз түрдө медициналык текшерүүдөн өтүшөт. Ал жактан доктурлар сизди жарайт же жарабайт деп өздөрү бүтүам чыгарышат.  

Тилекке каршы, учурда аял кишилер аскердик кызматка азыраак алынып жатат. Эгер прапорщик же сержанттар керек болуп жатса, контрактык негизде кызматчы болуп ишке кабыл алына берет. Бирок, ал үчүн кайсы конкреттүү бөлүмдө, кандай кызматкерлер керек экенин билүү зарыл.

Башкы беттеги сүрөт vb.kg сайтынан алынды.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт