Кызым тез-тез жөтөлө берет. Эмне кылсам болот?
Менин кызым 1,5 жашта. Тамагы тез-тез ооруп жөтөлө берет. Эмне кылсам болот?
Динара Кабаева
Балдар пульмонологу
Алгач жөтөлдүн пайда болуу себептерин билүү керек. Жөтөл качан болот: сасык тумоодо, аллергияда, айрым дарыларды колдонгондо, өпкө, ашказан жана жүрөк ооруларында ж.б учурларда бала жөтөлүшү мүмкүн. Өз алдынча эч качан даары бербеш керек. Себеби кичинекей балдар чоң адамдай жөтөлө албайт, рефлекси жок. Эгер ата-эне өз алдынча балага жөтөлдүн дарысын берип койсо, какырыктар көп пайда болот. Анан бала жакшы жөтөлө албай, какырыктар өпкөсүндө калып калса, пневмония болуп калышы мүмкүн. Ошон үчүн дарыгерге келип, себебин аныктагандан кийин гана дарыга уруксат берилет. Биринчи жардамга жылуу суу ичирүү, бала жаткан бөлмөнү желдетүү сунушталат. Бала тез-тез жөтөлүп, кусуп баштаса бул өтө коркунучтуу. Дароо бейтпаканага алып баруу керек.