Программист кеңеш берет
2018.10.31, 11:31
5693
Программисттер – суроо талап жараткан кесип ээлери. Орточо эсеп менен айына 30 - 120 миң сом табышат. Сиз дагы программист болгуңуз келеби? Анда IT – адис Тахмина Кадырованын кеңештерине кулак салыңыз.
- Өз алдынча окуу. Программалоо тили татаал, жаңыдан өздөштүрүп жатканда кыйналасыз. Интернетке кирип видео сабактарды көрүңүз, китептерди окуңуз.
- Университет. Келечекте программист болууну кыялдансаңыз университетке тапшырыңыз. Техникалык окуу жайларга артыкчылык берип, өтүлчү сабактарына көңүл буруңуз.
- Ментор. Туура багытка салып, китептерди тандап жана жазган кодту текшерип турган устат таап алыңыз. Аны тааныштар арасынан, IT- конференциялардан же онлайн-форумдардан издеңиз.
- Атайын курстар. Кааласаңыз программистер үчүн курстарга жазылыңыз. Мүмкүнчүлүгүңүз жок болсо https://www.freecodecamp.org/ сыяктуу видео-сабактар менен программалоону үйрөткөн сайттар жардамга келет.
- Интернет ресурстар. Интернет ресурстарын болушунча натыйжалуу пайдаланыңыз.
Эң башкысы – практика жана аракет!
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.