Нике кыйылганда махр айтылбай калса эмне болот? Теолог жооп берет
2020.01.09, 10:19
2083
Саламатсызбы! Мындай суроом бар эле, нике кыйганда махр төлөө деп коёт экен. Ал нике кыйып аткан учурда айтылбай калса эч нерсе болбойбу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
09.01.2020, 10:20
Кадыр Маликов
Теолог
Эгер нике махрди эскерүүсүз кыйылып калса, эч кандай коркунуч жок, нике жарактуу болуп эсептелинет. Убакыт өтүп, жубайлар махрды айтууну унутуп калганын эстегенден кийин, жөн гана өз ара, эч кандай азем өткөрүүсүз, махрдын баасы тууралуу сүйлөшүп алуулары зарыл. Андыктан, махр айтылбай калса, нике өтпөй калды деп кабатыр болбой эле койгула.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
0
Пайдалуу жооп